• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин 8 жаңы конушунда 404 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болуп чыккан

Коом 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Бишкектин 8 жаңы конушунда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 404 бала аныкталды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

"Балдардын тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөтүлдү. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарга документ берүү улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында ушул жылдын аягына чейин жарандар документтерди жеңилдетилген түрдө ала алышарын эскертебиз", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий