• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде гүлбакча курулат

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде гүлбакча куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, гүлбакча борбор калааны көрктөндүрүү жана жашыл аймактардын санын көбөйтүү максатында курулмакчы.

Мэриядан белгилешкендей, учурда Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү №176 көп кабаттуу үйдүн маңдайындагы жеңилдетилген типтеги объектилерди алуу иштери башталды. "Ордо" бизнес-борборуна чейинки бардык объекттер алынат.

"Соода түйүндөрүнүн ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, алар үчүн шаардыктарга ыңгайсыздык жаратпай турган башка жер каралат", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, коомдук транспорт үчүн жылуу бөлмө, жүздү аныктоочу видеокөзөмөл камералары менен заманбап аялдама комплексин орнотуу пландалууда.

Иллюстрадивдик сүрөт.

Пикир

Оставить комментарий