• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин аймагында бир жумада 75 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 17нен 23-декабрга чейинки аралыкта 4 миң 638 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 75;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 20;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 49;

- жасалма номер менен автоунаа айдоо - 3;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 124;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 367. Ал эми ар кандай эреже бузган 385 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий