• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок". УИА президенти канча жылда бир катуу зилзала болуп турарын айтты

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Магнитудасы жогорку көрсөткүчкө жеткен жер титирөөлөр сейрек болуп турат, негизи жердин катуу силкинүүсүнө жер кыртышында топтолгон чыңалуу себеп болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кеминде ар 3-5 миңдей жылда бир Түркиядагыдай күчү 7,4-7,5 баллга жеткен жер титирөөлөр болуп турат. Бишкектин аймагында катуу жер титирөө болжол менен 700 жыл мурун болгон.

"Өзүңүздөр деле эсептеп көрсөңүздөр болот. Алдыдагы 2 миң 300 жыл аралыгында тынчсызданып, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок деп ойлойм", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий