• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин аймагында Свердлов РИИБдин милициянын аймактык пункту ачылды

Коом 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-августта, Бишкек шаарынын Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын №18 милициянын аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул иш-чарага Бишкек ШИИББдин начальниги Азамат Ногойбаев, анын орун басары Тилек Тюкебаев, Свердлов РИИБдин начальниги Азамат Байгазиев, “Алто” ЖЧКсынын башкы директору Фатима Усеналиева, “Евразия” соода-оюн-зоок бизнес борборунун директорунун коопсуздук боюнча орун басары Данияр Усеналиев жана “Агард” күзөт-детективдик кызматынын башкы директору Чоро Аманжолов катышты.

Азамат Ногойбаев “Евразия” соода-оюн-зоок бизнес борборуна Бишкек шаарынын милициясына кошкон салымы, көрсөткөн жардамы жана кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Бардыгына бейкуттук, туруктуу өнүгүү каалап, ИИМдин түзүмдүк медалдары менен сыйлады.

Милициянын аймактык пункту саат 09:00дөн 22:00гө чейин иштейт. Анда жарандарды жана шаардын конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча заманбап жардамдарды көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Бул пунктта 4 милиция кызматкери иштеп, өздөрүнө ыйгарылып берилген аймакта кызмат көрсөтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий