• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин аймагында өзгөчө абал бүгүн саат 20:00дө башталат

Коом 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал бүгүн, 9-октябрда, саат 20:00дө башталат, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө абал тууралуу» конституциялык мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо же конституциялык кызыкчылыгын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти чукул чараларды кодонуусуз жоюуга болбогон социалдык мүнөздөгү кризистик кырдаалдар (зордук-зомбулук менен коштолуп, адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруучу куралдуу көтөрүлүш, улут аралык чыр-чатактар, массалык баш аламандыктар) жаралган учурларда өзгөчө абал киргизүү мүмкүнчүлүгү туурасында алдын ала билдире тургандыгын, ал эми айрым жерлерде алдын-ала жарыялоосуз эле киргизе тургандыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтоосуз билдирет.

Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн токтому менен 3 күндөн кем эмес аралыкта Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизүү же аны алып салуу тууралуу Жарлыгын бекитет. Жогоруда айтылгандардан улам, КР Президентинин өзгөчө абал киргизүү жөнүндө КР Жогорку Кеңеши 3 күндүн ичинде бекитиши же алып салышы керек болгон бул Жарлык күчүндө болот. Анткени Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаарында түзүлгөн абалды эске алуу менен, жарандардын саламаттыгын жана өмүрүн коргоо максатында Жарлыктын жоболорун туура эмес чечмелөөдөн карманууңуздарды суранабыз.

Пикир

Оставить комментарий