• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин аймагында жүрүү үчүн электрондук уруксат кагаздарын 413 адам алды - Догоев

Коом 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Бишкектин аймагында жүрүү үчүн электрондук уруксат кагаздарын 413 адам алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Ал белгилегендей, Бишкектин комендатурасы үчүн “Түндүк” мамлекеттик системасы тарабынан электрондук уруксат кагаздарын берүү системасы иштелип чыккан.

“Электрондук форматта уруксат кагаздарын алуу үчүн келип түшкөн билдирмелердин жалпы саны 10 миң 259ду түзөт. Алардын 413үнө уруксат кагаздары берилген. Комендатуранын чечими боюнча ар кандай себептерден улам 7 миң 900үнө уруксат кагаздарын берүүдөн баш тартылган, 1 миң 946сы кароо этабында турат”, - деди Догоев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 144гө жетти. Алардын ичинен 6 адам айыкса, илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий