• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин айрым аймактарында 23-ноябрга чейин газ жок болот (тизме)

Коом 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. 22-23-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын жана айрым аймактарда газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Ага ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде жок болот:

- 22-23- ноябрда Лебединовка айылынын Мичурин, Мамыркалиева, Ленин, Лермантов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

- 22-23-ноябрда Бишкек шаарынын Абдрахманов, БЧК, Табачная, Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

-22-ноябрда саат 8:00-17:00гө чейин Кант шаарынын Ленин, Кутузов, Гризадубов, Восточный, Г.Алиев, Зубков, К. Маркс, «Шенси» кафеси, «Килам» көчөлөрүндө;

- 23-ноябрда саат 9:00-17:00гө чейин Жалал-Абад обл. Сузак бөлүгүнүн Ленина көчөсүндө.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий