• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин айрым аймактарында 4 күн жаратылыш газы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Минск - Республика дарегинде жайгашкан, 1979-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу 29-ноябрдан 2-декабрга чейин газ өчүрүлөт.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында газ өчүрүлөт: Фучик, Чоң Чүй каналы, 2-Черепки, Жибек Жолу проспектиси, 7705 аскер бөлүгүн от казаны.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана аталган убакыт аралыгында тамак-аш жасоонун алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий