• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ болбойт (тизме)

Коом 0

Бишкек, 31.10.17. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында 31-октябрдан 3-ноябрга чейин газ жок болот. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.

Ага ылайык газ берүү төмөнкү даректерде жок болот;

  • 31-октябрдан 1-ноябрга чейин Токтоналиев көчөсүнөн “Детской деревни” айылынан Түштүк магистралга чейин;
  • 31-октябрдан 2-ноябрга чейин “Аламүдүн 1” кичирайону, Энергетиктер, куруучулар, шаарчасы, Ленин, Калинин көчөлөрүндө, Жеңиш проспектиси, Сельская көчөсү;
  • 2-3-ноябрга чейин Медеров, Панфилов, Горький жана Абай көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий