• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин айрым аймактарында 5-июнда суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында 5-июнда саат 8:00дөн 22:00гө чейин суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жайгашкан турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүш объектилеринде суу үзгүлтүккө учурайт.

- Ауэзов - Шабдан Баатыр көчөлөрү (Чүй проспектиси) - темир жол линиясы - "Учкун" конушунун аягына чейин;

- Исакеев - Шабдан Баатыр - Ауэзов - Ч. Валиханов көчөлөрү;

- Л.Толстой көчөсү Ауэзов көчөсүнөн Аламүдүн дарыясына чейин;

- "Н. Төкөлдөш" (7-апрель көчөсү - темир жол линиясы - Менделеев көчөсү).

"Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий