• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин айрым аймактарында 9 күнгө газ жок болот

Коом 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде тогуз күнгө газ жок болот,-деп билдирет “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы.

Ага ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде жок болот:

- 31-майдан 5-июнга чейин Бишкек шаарынын Щербаков, Т.Молдо, Ананьева, пр. Зима; Кокчетавская, Манас, Кок-Сай, Эркин-Сай көчөлөрүнүн чектешкен аймагында;

- 5-6-июнда Бишкек шаарынын кийинки көчөлөрүндө Ж.Жолу, Фучика, Карабалтинская, Жениш, Ала-Арча дарыясы;

- 7-8-июнда Бишкек шаарынын Фучик, Овощной, Карабалтинская, Скандинавский, Ленская көчөлөрүндө.

Оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий