• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 22-24-апрелде газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Бишкектин айрым көчөлөрүндө 22-24-апрель күндөрү газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын М.Ганди, Можайского, Манас, Васильев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы токтотулат.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий