• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкектин айрым көчөлөрүндө жеке унаа менен жүрүүгө тыюу салуу каралууда

Коом 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Экологиялык абалды жакшыртуу максатында Бишкектин айрым көчөлөрүндө 2019-жылдан баштап жеке унаа менен жүрүүгө тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов билдирди.

Анын айтуусунда, ал борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу боюнча өкмөттүк жумушчу тобуна кирет.

«Мен бир нече вариантты сунуштагам, анын ичинен Бишкектин кээ бир көчөлөрүндө жеке унаа менен жүрүүгө тыюу салуу варианты кабыл алынып, сынамык катары колдонуу чечими чыгарылган. Бул көчөлөрдө бир гана коомдук транспорт каттайт. Муну менен биз унаа тыгыны жана түтүн маселесин чечебиз. Элдер жумушуна кечигүүсүз жана тыгында түтүндүн арасында 2-3 саат турбай бат жетип алышат», - дейт Рустамов.

Ошондой эле ал белгилегендей, Бишкекте жакынкы арада абанын булганышын текшерүүчү жаңы гидро-метеорологиялык жабдуулар орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий