• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин айрым райондорунда 14-22-февралда газ берилбейт

Коом 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда 14-22-февралда газ берилбейт, деп билдирди “Кыргызстандын газпрому” ЖЧКсынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде 14-22-февралда газ берүү токтотулат:

- Каражыгач багы, Чоң-Чүй каналы, М. Ганди көчөсү, Саадаев көчөсү, Ак-Тилек көчөсү;
- Мыскал көчөсү, Сейил көчөсү, Пригородная көчөсү;
- Малышев көчөсү, Күреңкеев көчөсү, Илий чолок көчөсү, Беломор чолок көчөсү.

“Кыргызстандын газпрому” ЖЧКсы ыңгайсыздык үчүн абоненттеринен кечирим сурайт жана түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий