• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин айрым райондорунда 25чи жана 27-февралда таза суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. 25-февралда жана 27-февралда Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Жеңиш” суу алуучу жайында жана шаардык суу түтүктөр тармагында оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу эртең, 25-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин Жеңиш жаңы конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат.

Мындан тышкары, 27-февралда «Калыс-Ордо», «Мурас-Ордо» суу алуучу жайларында оңдоо иштери жүргүзүлүүсүнө байланыштуу «Мурас-Ордо», «Калыс Ордо» жаңы конуштарында, ошондой - № 86 мектеп; № 86 башталгыч мектеп; «Калыс-Ордодогу» Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу; «Мурас-Ордодогу» Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу; «Бактылуу Балалык» жеке бала бакчада саат 9:00дөн 16:00гө таза суу токтотулат.

Эскерте кетсек, суу токтотулган мектептер жана бала бакча иштебейт. Ал эми медициналык мекемелер штаттык режимде иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий