• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин айрым райондорунда 3 күн газ берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда 3 күн газ берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы буга чейин газдаштырылбаган "Алтын-Ордо" конушуна жаратылыш газын жеткирип жаткандыгына байланыштуу, 19-апрелден 21-апрелге чейин Путепроводная - ВБЧК көчөлөрүндө, Жүзүм - М.Ауэзов көчөлөрүндө, "Тунгуч" кичи районунда жашаган абоненттерге, ошондой эле, REEMSTMA, "Алтын-Ажыдаар", Курулуш материалдар комбинаты, "Набайкана", "Жанар ишканаларына жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат", - деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук талаптарына ылайык, жаңы конуштун газ бөлүштүрүү тутумуна туташуусу Ч.Валиханов жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан орто басымдагы газ түтүгүнүн өчүрүлүшү шартында жүргүзүлөт.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий