• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин айрым райондорунда оңдоо иштерине байланыштуу 5 күнгө газ өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Бишкекте эски газ өткөргүчтөгү сызылып чыккан газды токтотуу максатында шаардын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, компания Бишкек шаарынын Осмонкул-Древесная дарегинде жайгашкан, 2019-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу, 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотоорун маалымдайт.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу, төмөнкү райондордо газ өчүрүлөт:

- Аламүдүн айылында, кийинки көчөлөрүндүн кесилишкен аймагында: ЧЧК – Жогорку Ат-Башы каналы – Дачный чакан көчөсү – Алма-Ата – Гидрокурулушчулар – Айыл – Курманалиев – Биринчи май – Логвиненко – Кыргыз – Айланып өтүүчү жол – Ала-Арча дарыясы – Бухара – Завод чакан көчөсү – Коллективная – Кырк-Чоро;

- Төмөнкү Ала-Арча айылы, Красный строитель, Кайынды, Эне-Сай, Керамика, Чалбай жаңы конуштары;

- өндүрүш ишканалары: «Шоро», «Шин-Лайн», «Куликовский торт», завод «Сантех Заготовок», Элебесов көч., 211 (Шаардык кургак учукка каршы ооруканасы).

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана аталган убакыт аралыгында тамак-аш жасоонун алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий