• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкектин айрым райондорунда суу токтойт

Коом 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. “Бишкексууканал” башкармалыгы билдиргендей, 18-майда 9:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу токтойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

“Шерой” ЖЧКсы тарабынан Жал-23 кичи районунда суу түйүндөрүн оңдоо иштерине байланыштуу аталган райондо: Ахунбаев-Курчатов-Минжылкиев-Тыналиев көчөлөрүндө суу токтойт. Анын ичинде №72 гимназияда, №185 бала бакча, балдарды социалдык ыңгайлаштыруу борборунда, Кыргыз улуттук аскер лийецинде, мечитте, “Онтария” комплексинде, “ИДС” стоматологиялык борборунда, УДТ №2 филиалында, “Народный” дүкөнүндө, «Алтын Казык Плюс», «Ак-Шагыл», «ТБН Глобал Пром» ЖЧК, «Лист» ЖЧК, «Шерой» ЖЧК, «Оргтехстрой» ЖЧК, «Оз Топрак», «Ата-Бей Групп», «Аалам Строй» курулуш компанияларында суу токтотулат.

“Бишкексууканал” башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, суу камын топтоп алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий