• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин айрым райондорунда суу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. 23-мартта 9:00дөн 19:00гө чейин Бишкектин бир катар аймактарында муздак суу берүү убактылуу токтотулат.

Шаардык мэриядан “Бишкексууканал” башкармалыгына таянып билдиришкендей, “Батыш-2” суу алуучу жайындагы оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо ичүүчү суу токтотулат: темир жол менен чектелген аймак, Фучик к., М. Фрунзе к. жана Манас пр. Анын ичинде №31, 13, 8, 2-мектептерде, №9 ОТК, №№ 8, 22, 72, 164, 165, 167, 73, 51, 3-бала бакчаларда, “Балдарды коргоо борборунда”, «Арпа» ААК, «Ош базары» ЖЧК, «Берекет-Гранд», «Берекет-Универсал», «Берекет» соода комплекстеринде, «Берекет» ЖАК, Илимдер академиясында, Улуттук банкта, №2 төрөт үйүндө, Бишкек троллейбус башкармалыгында, №1 клиникалык ооруканада, Ленин райадминистрациясында, Бишкек финансы-экономикалык академиясында, “Кыял” бирикмесинде, Кыргызстан Эл аралык университетинде, Батыш РЭС, Республикалык радиотеле борбордо, №100 лицейде, Мамлекеттик кыргыз тили боюнча комиссиясында, “Кыргыз энциклопедия” имаратында, “Бишкекбашкыархитектура” МИ, №2 стоматологияда.

“Бишкексууканал” келтирилген ыңгайсыздактар үчүн жарандардан, мекеме жана уюмдардан кечирим сурап, суу камдап алууну суранат.


Пикир

Оставить комментарий