• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 24.07.2018 /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат, мэрия шаар тургундарын алдын ала суу камдап алууга чакырат.

“Бишкексууканал” ишканасынан билдиришкендей, эртең, 25-июлда саат 10:00дөн 22:00гө чейин борбор шаардын кээ бир райондорунда таза суу берүү токтотулат.

“Берекет” ЖАКнын Кулиев көчөсүндөгү куруу-монтаждоо иштерине байланыштуу Токтогул, Ала-Арча, Жибек Жолу, Калык Акиев көчөлөрү менен чектелген райондо, № 31 орто мектепте, “Арпа” ААКта, “Ош базары” ЖЧКсында, “Берекет-Гранд”, “Берекет-Универсал”, “Берекет”, “Кыял”, Ленин райондук соту, №100 лицей, Ала-Арча көрүстөнү, Ленин районунун салык инспекциясы, Индия элчилигинде таза суу берүү убактылуу жок болот.

“Бишкексууканал” ишканасынын башкармалыгы шаар тургундарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан, уюмдардан алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий