• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы 3 күнгө өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы 3 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаратылыш газы эски газ өткөргүчтөгү сызылып чыккан газды токтотуу максатында өчүрүлөт.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу, төмөнкү райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт:

- Аламүдүн айылындагы Гидростроительная, Алма-Ата, Набережная көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

- Панфилова, Кожожаш, Гоголь, Школьная көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

- Иваницына көчөсү, 60-62 дарегинда.

Пикир

Оставить комментарий