• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-майдан 27-майга чейин Бишкек шаарындагы газ өткөргүчтөрдүн айрым аймактарында келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында эски жабдууларды алмаштыруу боюнча пландалган оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт:

  1. Ленин районунун төмөнкү көчөлөрүнүн чектешкен аймагында: Садырбаев, Гагарин, Омуракунов, Ашар, Л.Толстой (ТМ);
  2. Биринчи май районун төмөнкү көчөлөрүнүн чектешкен аймагында: П.Лумумба, Шиш-Төбө, Орозов, Л.Толстой.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий