• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын кээ бир райондорунда жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын Коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын төмөнкү аймактарында жаратылыш газын берүү токтотулат:

- 6-13-июлда Элебаев, Толстой, Кулатов, Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында; Кулатов, Жукеева–Пудовкина, Горький, Байтик-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында; "КыргызАвтоМаш" заводунда; "Алькони" ЖЧКсында; "Глобус" супермаркетинде;

- 10-11-июлда Саратовская, Весёлая, Фрунзе, Кантемировская көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында; Төмөнкү Ала-Арча айылынын Коллекторная, Южная, Белинский, Фрунзе;

- 11-12-июлда Жибек Жолу, Кантемировская, Курманалиева, Веселая; Ялтинская, Пархомеко, Салиев, Буденный көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында
жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий