• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин айрым жерлеринде 10-октябрь күнү ичүүчү суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 10-октябрь күнү ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 10-октябрь күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Жунусалиев, Чайков, Айни, Л.Толстой, Садырбаев жана Космос көчөлөрүндө таза суу өчөт.

Аны менен бирге төмөнкү жерлерде да таза суу берүүсүн токтотот:

  • № 131, №118 бала бакчада;
  • №55, №25 мектепте;
  • Ленин районунун билим берүү борборунда;
  • Жумушчулар шаарчасында;
  • Дыйканчылык институтунда;
  • Ленин районунун аскер комиссариатында;
  • №47 абакта
  • "Ак-Ордо" конушунда;
  • Гагарин көчөсүндөгү "Яшар" фирмасында;
  • Гагарин көчөсүндөгү "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасында;
  • №5 мончодо;
  • "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" ЖАК;
  • "Тамга Таш ЛТД" ЖЧК;
  • "Лина" фирмасында;
  • Мурманс көчөсүндөгү коньяк өндүрүшүндө;
  • №3, №2, № 5 муниципалдык аймактык башкаруусунда.

Ал күнү мектептерде жана бала бакчаларда дем алыш күнү деп белгиленүүдө. Сууга байланыштуу көйгөй жаралса 56-03-20, 54-42-45, 54-42-44, 44-95-97, 44-96-45 жана 0770 838458 номерлерине кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий