• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин айрым жерлеринде 19-ноябрда ичүүчү суу өчүрүлөт. Тизме

Коом 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. "Энесай" суу кампасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу борбор калаанын бир катар жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 19-ноябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки 17:00гө чейин "Энесай", "Дордой – 1" жана "Дордой – 2" кичи райондорунда таза суу убактылуу токтотот. Ошондой эле төмөнкү даректерде да таза суу убактылуу өчүрүлөт.

№9 Үй-бүлөлүк медицина борборунда;

№21, №94 мектепте;

Орхон 2, 2а, 4 көчөсүндөгү жеке бала бакчасында;

"Бегимай Дордой" жеке бала бакчасында;

№21 муниципалдык аймактык башкармасында;

№20 китепканада;

№6, №7 милиция бөлүмүндө;

Свердлов райондук коомдук алдын алуу борборунда.

Ичүүчү суу өчүрүлө тургандыгына байланыштуу шаардык бала бакчалар жана мектептер иштебейт.

Пикир

Оставить комментарий