• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкектин айрым жерлеринде 24-октябрь күнү ичүүчү суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 24-октябрь күнү ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан билдиришкендей, "Ала-Тоо" суу кампасында аткарыла турган оңдоо иштерине байланыштуу 24-октябрь күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин "Ала-Тоо 1" жана "Ала-Тоо 2" кичи району, шаардын Ара-Кол, Батыш, Улук-Тоо, Дмитров жана Кызыл-Тоо көчөлөрү менен чектелген бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Анын ичинде № 82 мектеп, №43 бала бакчасында, милициянын №14 пунктунда суу жок болот.

"Суу убактылуу өчүрүлгөнүнө байланыштуу 24-октябрь күнү аталган мектеп менен бала бакчада окуу болбойт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий