• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин айрым жерлеринде 30-сентябрда таза суу убактылуу жок болот

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 30-сентябрда таза суу убактылуу жок болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

"Бишкексууканал" башкармалыгынын маалыматы боюнча, "Тоголок Молдо" суу алгычында оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу таза суу саат 09:00дөн 21:00гө чейин жок болот.

Алсак, Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү жана темир жол линиясы чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий