• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин айрым жерлеринде 6-декабрга чейин көгүлтүр от убактылуу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде көгүлтүр от 1-6-декабрь күндөрү өчүрүлөрүн шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу аталган күндөрү Профессор Зима, Көкчөтау, Тоголок Молдо, М.Ганди, Саадаев көчөлөрүндө жана Чоң Чүй каналы менен чектешкен аймакта жаратылыш газы убактылуу жок болот.

Ошондой эле "Көлмө", "Салам-Алик", "Щербаков" кичи райондоруна көгүлтүр оттун берилишине чектөө киргизилет.

Жалпысынан 5001 абонент газсыз калат.

Пикир

Оставить комментарий