• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Тизме

Коом 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. "Ак-Босого-1" жана "Ак-Босого-2" суу кампаларында жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин бир катар жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 12-ноябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин "Ак-Босого" кичи районунда таза суу берүүсүн убактылуу токтотот. Ошондой эле төмөнкү жерлерде да ичүүчү суу өчүрүлөт:

  • №81 мектебинде;
  • №2 бала бакчасында;
  • №14 үй-бүлөлүк медициналык борборунда;
  • №15 милиция бөлүмүндө;
  • №16 муниципалдык аймактык башкаруусунда.

Пикир

Оставить комментарий