• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкек суу канал” башкармалыгынан билдиришти.

Суу саат 9:00дөн 17:00гө чейин Анкара көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин, Аламүдүн суунун боюнда, Октябрь көчөсүнөн Менделеев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө өчүрүлөт. Ал эми Оберон көчөсүндө (Кара-Жыгач темир жол станциясынын батыш бөлүгү) суунун басымы азаят.

Суу берүү “ХБО” суу кампасында жана шаардык түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу т октотулат.

Пикир

Оставить комментарий