• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин “Ак-Өргө” конушуна жаңы сквер курулат (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Бишкектин “Ак-Өргө” жаңы конушуна жаңы сквер курулат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ленин райондук башчысы Русланбек Тагаев сквер куруу пландалып жаткан жерге барып, аянтты көрүп келди.

Аянты 2,4 гектарды түзгөн жаңы эс алуу зонасы Ашар жана Арабаев көчөлөрүнүн кесилишинде пайда болот.

"Долбоордо тротуар, велосипед жолу, отургучтар, балдар аянты, баскетбол жана волейбол аянты жана жуунучу бөлмөлөр каралган. Учурда жер тилкесин пландоо боюнча иштер башталган. Долбоор борбор шаардык мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча жүзөгө ашырылат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Ленин районунун аймагына 3 сквер куруу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий