• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги мектептердин англис тили мугалимдери усулдук окуудан өттү

Билим 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Шаардык билим берүү башкармалыгы Бишкектеги мектептердин англис тили мугалимдери үчүн "Инновациялык педагогикалык технологиялар балдарды чет тилдерин окутуунун эффективдүү шарты катары" деген темада методикалык окутуу өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Окутуу № 65 экологиялык-экономикалык лицейдин базасында өттү.Окутуунун максаты педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу жана педагогикалык тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Мугалимдер үчүн заманбап педагогиканын эң актуалдуу темалары боюнча практикалык тренингдер уюштурулду, ошондой эле ата мекендик жана эл аралык "ARCUS", Oxford EduPress, Macmillan жана Cambridge басмаканаларынын китеп көргөзмөлөрү уюштурулду.

Мугалимдер үчүн тренингдер "Oксфорд еду пресс" тил борборунун, "Лингва" коомдук кондунун, "Сапат" лицейинин, И.Раззаков атындагы КМТУнун тажрыйбалуу жана жогорку квалификациялуу тренерлери жана шаардын алдыңкы англис тили мугалимдери тарабынан өткөрүлүп, алар өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүштү.

Окуунун катышуучулары АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен жыл сайын өтүүчү окуу программалары жөнүндө маалымат алышты.

Конференциянын аягында мектеп методикалык бирикмелеринин жетекчилери англис тили боюнча жаш мугалимдер менен иштөөнүн перспективдүү планын тегерек столдо талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий