• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин Армия көчөсү оңдоо иштеринен соң ачылды

Коом 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Армия көчөсүнүн Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оӊдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган көчөнүн узундугу 480 метр, ал эми туурасы 7 метрди түзөт. Көчөнүн бир жагына жөө адамдар өтүүчү өтмөк, экинчи жагына арык тармагы салынды. Ошондой эле жол белгилери жана чийиндери чийилди.

Пикир

Оставить комментарий