• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин Асаналиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык

Коом 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Бишкектин Асаналиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кечээ, 29-январдан тарта Асаналиев көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Алтымышев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө канализация коллекторунун курулушу башталган.

"Курулуш иштеринин алкагында диаметри 600 мм канализация түтүктөрүн салуу каралууда. Буга байланыштуу унаа кыймылы токтотулат", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан жана борбор калаанын конокторунан кыймылдын альтернативдүү жолдорун алдын ала тандоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий