• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө 50 млн сом өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү - Бакетаев

Коом 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын аз камсыз болгон муктаж үй-бүлөлөрүнө жалпы 50 млн сом сумма өлчөмүндө же болбосо 90 миң даана гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, жардамдар өкмөт, мэрия, бизнес өкүлдөрү, араб фонддору тарабынан көрсөтүлдү. Гуманитардык жардамдар өзүнө ун жана тамак-аш жыйындысын камтыйт.

Бакетаев белгилегендей, Бишкек шаарынын аймагында коронавирус илдетинин жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча мериянын алдында ачылган атайын эсепке учурда 4 млн 400 миң сом өлчөмүндө акча каражаты түштү.

Пикир

Оставить комментарий