• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкектин баардык региондорунда пробация органдары үчүн имараттар бөлүнөт

Коом 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Бишкектин баардык райондорунда пробация органдары үчүн имараттар бөлүнөт. Бул тууралуу Октябрь райондук администрациясынын башчысы Ренат Айтымбетов кабарлады.

Анын айтуусунда, бүгүн Октябрь районунун башкармалыгында жергиликтүү акимиаттын атынан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине бөлмөнүн ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган бөлмөдө пробация органынын кызматкерлери кызматтанышат.

“Жылдын аягына чейин биздин райондогудай болуп, баардык райондордо бирден бөлмө бөлүнөт. Эгер пробация органы райондук администрация жана билим берүү башкармалыгы менен биргеликте иштесе, анда иш ыкчам жана биримдиктүү жүрөт. Жарандар имараттан да чыкпайт, алар үчүн баардык жакшы шарттар түзүлгөн”, - деп белгиледи Айтымбетов.

Пикир

Оставить комментарий