• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин бардык турак жай-коммуналдык чарба кызматтары күчөтүлгөн режимде иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 25.01.22./Кабар/. Бишкектин бардык турак жай-коммуналдык чарба кызматтары күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен бардык турак жай-коммуналдык чарбалар, анын ичинде «Бишкексвет», «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканалары, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы, «Бишкексууканал» күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

"Буйрук борбор калаада электр жарыгы боюнча абал жөнгө салынганга чейин күчүндө болот", - деп кошумчалашты мэриядан.

Учурда борбор калаанын мэри Бишкек ЖЭБинде жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий