• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин базарларында жумасына бир санитардык күн болот. 52,5 миң сом айып салынган

Коом 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Жаңы жылдык майрамдардын алдында жана калаанын базарларындагы кичи ишкерликти колдоо максатында, базарларда мурдагыдай эле жумасына бир санитардык күн өткөрүлөт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай тапшырманы район акимдерине Бишкек мэри Айбек Жунушалиев тапшырды.

Мэр акимдерден базар кызматкерлери арасында коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана эмдөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү талап кылды.

"Чарба жүргүзүүчү субъекттер дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүүгө, ошондой эле аймакты жана ага чектеш жер участокторун санитардык тазалоону жүргүзүүгө милдеттүү", - деп кошумчалады ал.

"Белгилей кетсек, “Орто-Сай” базарынын соодагерлери тарабынан санитардык-эпидемиологиялык талаптар бир нече жолу бузулуп, дезинфекциялоо иш-чараларына арналган күнү ишкердик жүргүзүлгөн. Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан сатуучуларга 17 миң 500 сом өлчөмүндө антисанитардык акт түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген Убактылуу санитардык нормаларды жана эрежелерди аткарууну бузгандыгы үчүн Санэпидкөзөмөл борбору тарабынан базардын чарбакер субъекттерине карата 52 миң 500 сом суммасында 28 айыппул салынган.

Эскерте кетсек, Бишкектеги Орто-Сай базарында иштеген соодагерлер дүйшөмбү күндөрү болчу санитардык күндү жокко чыгаруу талабы менен Сүйөркулов көчөсүн тосуп алышкан.

Пикир

Оставить комментарий