• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин беш көчөсүндө оңдоо иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 02.07.21 /Кабар/. Бишкек шаарынын беш көчөсүндө оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 1-июлдан тартып Огонбаев көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Ошондой эле, "Ак-Ордо" жаңы конушундагы Айбийке көчөсү Гагарин көчөсүнөн темир жол өтмөгүнө чейин жана Логвиненко көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, Жунусалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин оңдолуп ачылды, мындан тышкары "Ак-Тилек" жаңы конушундагы Ак-Тилек көчөсү Элебесов көчөсүнөн Дзержинский көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн ачык.

"Оңдолгон көчөлөрдүн жалпы узундугу 3,2 чакырымды, тротуарлардын туурасы 1,5 метрден 3 метрге чейин түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы тарабынан каржыланган "Бишкек шаарынын көчө -жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жалпы узундугу 70,87 чакырым болгон 60 көчө оңдолуп, 5 көпүрө курулат.

Пикир

Оставить комментарий