• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды. Себеби айтылды

Коом 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. «Восточная» көмөк чордонундагы трансформатордун өчүшүнөн улам Бишкектин бир бөлүгү электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу «Улуттук электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Т-2 трансформаторунун өчүшүнөн улам коргоо тутуму иштеп кеткен.

«Альтернативдик схемаларды колдонуу менен керектөөчүлөргө кайра жарык берүү башталды. Окуянын чоо-жайын текшерүү үчүн жерине ыкчам топ чыгып кетти. «Восточная» көмөк чордону Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш бөлүгүн жарык менен камсыз кылат», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий