• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин бир катар көчөлөрү мыйзамсыз орнотулган объектилерден тазаланды - мэрия

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Бишкектин бир катар көчөлөрү мыйзамсыз орнотулган объектилерден тазаланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери пандемия шарттарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштерин улантууда.

"Бул жолу П.Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги ташталган 40 тонналык контейнер алынды. Элебесов көчөсү, 316 дарегиндеги «Той-Ордо» кафесинин мыйзамсыз тургузулган дубалы түрттүрүлдү. Ошондой эле Чүй проспектиси, Шопоков, Токтогул жана Гоголь көчөлөрүндөгү бал муздак, муздак суусундуктарды саткан түйүндөр, күркө жана киосктор, жалпысынан 12 объект алынып салынды”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Табышалиев көчөсү, 16 үйүнүн кошумча курулушу алынып, 35 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Аталган үйдүн кожоюндарында тиешелүү уруксат документтери болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий