• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкектин бир катар мектеп жана бала бакчалары кышка даяр - мэрия

Коом 0

Бишкек, 17.08.19. /Кабар/. «Бишкек жылуулук энергетика» коммуналдык мекемеси анын директору Виктория Мозгачева менен биргеликте жалпы билим берүү мекемелеринин кыш мезгилине болгон даярдыктарын текшерди.

Бүгүнкү күндө кышка 39 от казан даяр. Анын ичинен 24тү 24 мектепке жана бир бала бакчага таандык. Алардын электр жабдыктарында капиталдык оңдоо иштери аяктап, имараттар тартипке келтирилген.

“Биз баардык жабдыктарды текшерип чыктык: насостор, желдеткичтер, жаап өчүрүүчү арматура жана баардык ченеп көзөмөлдөөчү түзмөктөр. От казандардын баардыгы тазаланды”, - деп билдирет ведомство.

Атап айтканда, "Ак Өргө" бала бакчасында жана №:23, 32, 35, 40, 50, 59, 78, 83, 94, 96, 21, 75, 81, 18, 7, 49, 46, 74, 79, 41, 19, 54, 77, "Ак Өргө" мектептеринде кышында жылуу болот.

Кышка даярдык көрүү иштери толугу менен план боюнча аткарылууда

Пикир

Оставить комментарий