• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин бир районунда 16-20-мартта газ берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы авариялык жана калыбына келтирүү иштери узартылып жаткандыгына байланыштуу 16-марттан 20-мартка чейин Бишкек шаарынын Красный строитель конушунда жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгын маалымдайт.

Маалыматка ылайык, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, мурдараак Бишкек шаарынын Красный строитель конушунда 9-марттан 13-мартка чейин газ берүү токтотулары маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий