• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин бир районунда 4 күнгө ысык суу жана жылуулук убактылуу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Бишкетин бир районунда төрт күнгө ысык суу жана жылуулук убактылуу өчүрүлөт.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Курманалиев көчөсү менен Алыбаев жана Ломоносов көчөсүнүн кесилишине чейинки бөлүгүндөгү жер астындагы газ түтүктөрүндөгү ондоо иштерине байланыштуу “Газпром Кыргызстан” жаратылыш газды берүүнү токтотот.

Мындан улам “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы ысык сууну жана жылуулукту Крылов 5 көчөсүндө жана Красный строитель конушунда 6-10-декабрь аралыгында өчүрүүгө аргасыз.

Пикир

Оставить комментарий