• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкери пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан жазык иштин алкагында, милиция кызматкерлери У.Э. аттуу жарандан кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деген коркутуу менен системалуу түрдө акча каражатын талап кылышкан факты аныкталган. Алардын талабы ар жума сайын акча каражатын алып, коргоого алуу болгон.

Шаардык прокуратуранын тергөөчүлөрү ИИМдин ички иликтөөлөр кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттердин натыйжасында, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин №5 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн (ГОМ) аймактык тескөөчүсү Э.Э.Э. талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн алып жаткан мезгилде кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган милиция кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Пара талап кылуу”) менен айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы катары эки айга камакка алынды.

Ошондой эле ушул ишке тиешеси бар башка милиция кызматкери Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин аймактык ага тескөөчүсү Б.К.К. шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жакынкы арада баш коргоо чарасы сот тарабынан каралат. Тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий