• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин Биринчи май районунда Баткен окуясынын катышуучулары сыйланды

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май акимиатынын жыйындар залында 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына катышкан аскер кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчи май районунун башчысы Жамалбек Ырсалиев Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик милдетти так аткаргандыгы үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.

Райондук администрациянын Ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланышты:

- Сайракунов Муктарбек Абдыманапович - Баткен окуясынын ардагери;
- Сатыбалдыев Турсунали Кутубаевич - Баткен окуясынын ардагери;
- Исмаилов Таалайбек Казымкулович - Баткен окуясынын ардагери;
- Дакеев Кубанычбек Жаныбекович - Баткен окуясынын ардагери;
- Абышбаева Аида Айдаралиевна - Биринчи Май райондук аскер комиссариатынын кызматкери.

Белгилей кетсек, Баткен жоокерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү: каза болгон жоокерлердин жана майыптардын үй-бүлөлөрүнө 5000 сомдон, Баткен окуясынын катышуучуларына 1500 сомдон.

Бүгүнкү күндө Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 63 катышуучу, анын ичинен 2 майып, 3 каза болгон жоокерлердин үй-бүлөсү турат.

Пикир

Оставить комментарий