• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкектин Биринчи май районунда шайлоо тилкелеринин даярдыгы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын жетекчилиги Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери менен биргеликте 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо тилкелеринин даярдыгын текшерди.

Маалыматка ылайык, шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушу, керектүү эмеректердин, оргтехникалардын, өрткө каршы жабдуулардын, пандустардын болушу, ошондой эле ар бир шайлоо тилкесинде шаардыктардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу текшерилди.

Мындай текшерүүлөр үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө, УШКларды бардык зарыл нерселер менен жабдуу боюнча пландуу иштер шаардык штабдын көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагында 49 шайлоо тилкеси бар.

Пикир

Оставить комментарий