• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аялдардын эл аралык күнүн утурлай “Сейтек” борборунда майрамдык концерт өттү

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Аялдардын эл аралык күнүн утурлай “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда Биринчи май муниципалдык администрациясы жаздын эң жаркын жана чын ыкластуу майрамына карата майрамдык концерт уюштурду. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айымдарды райондун башчысы Жамалбек Ырсалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айканыш Ашырова куттуктап, чың ден соолук, жаркын маанай, кубаныч жана түбөлүк жаштык каалап, бардык конокторго белектер тапшырылды.

Райондун күнүмдүк жашоосуна жигердүү катышкандыгы үчүн айымдар муниципалдык администрациянын Ардак грамоталары жана Алкыш баракчалары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий