• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгү 94,2 % түзөт

Коом 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. 9 айдын ичинде Бишкектин жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 5 138,6 миллион сом түшкөн, ал 94,2 пайызды түзөт. Толукталбаган бөлүгү 314,9 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 109,4 пайызды түзгөн, бул көрсөткүч 439,6 миллион сомго көбүрөөк. Салыктык кирешелер боюнча 4 666,9 миллион сом планында 4 667,4 миллион сом түшкөн. Бирок 110,8 миллион сомго салыктын 5 түрү боюнча планды аткаруу камсыздалган эмес: киреше салыгы, транспорттук каражаттарга салык, жер салыгы, сатуудан түшкөн салык, роялти. Салыктык эмес кирешелер боюнча 776,6 миллион сом планында 459,3 миллион сом түшкөн. Ал 59,1 пайызды түзөт.

Былтыркы жылга салыштырмалуу 69,3 миллион сомго көбүрөөк түшкөн. Жер ресурстары башкармалыгы 369,5 миллион сом чогулткан, бул 54 пайызды түзөт. Муниципалдык мүлк башкармалыгынын кирешелери 56,2 миллион сомду түзгөн. 2017-жылга салыштырмалуу 22,4 миллион сомго көбүрөөк түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий